Биринчи май районунда Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан имараттын фасадына тартылган муралдын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Мурал Кыргызстандын Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун  (ЕККУ)  30 жылдыгынын урматына борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн белек болуп саналат.

Сүрөттө бейпилдик менен ачык асман, Тянь-Шань тоосунун бийиктигинде 21-кылымдын жаңы жашыл өнүгүүсү, «Манас» эпосунун жаңырыгы Кыргызстандын тарыхына таазим катары чагылдырылган.

Бишкек шаарынын мэриясы бул дубал сүрөтүн тартууга катышкандардын баарына терең ыраазычылык билдирет.