Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрүнүн, Ленин районунун акими Русланбек Тагаевдин, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда ондоо иштеринин кийин көчөлөрдүн салтанаттуу ачылышы болду.

Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында  Тимур Фрунзе, Ашар, Интергельпо жана Манас көчөлөрү оңдолду.

Жолду реконструкциялоо долбоорлору «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси тарабынан берилген архитектуралык-пландоо шарттарынын негизинде иштелип чыгып, экологиялык жана мамлекеттик экспертизадан өткөн.

Тимур Фрунзе көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин узундугу 846 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метр оңдолуп, жолдун эки тарабына туурасы 2,25 метр тротуарлар төшөлүп, ирригация курулду.

Ашар көчөсү Өмүр көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейин узундугу 2,229 км болгон тилкеде жол иштери жүргүзүлдү. Бул жерде жолдун жүрүүчү бөлүгүн 9 метрге чейин кеңейтүү, тротуарларды жана ирригациялык системаларды иретке келтирүү, жол белгилерин түшүрүү жана жол белгилерин орнотуу менен толук реконструкция жүргүзүлдү.

Ошондой эле, Интергельпо көчөсү боюнча Кенсуйская көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейин узундугу 594 метр болгон тилкеде жол иштери жүргүзүлдү. Жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 9 метрди түзүп, 2 тилкелүү болду, ошондой эле тротуар, жүрүүчү бөлүктүн эки тарабына ирригация каралган.

Манас көчөсү Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин реконструкцияланып, узундугу 856 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метрди түзөт. Ошондой эле жол 2 тилкелүү болуп, тротуарлары 1,5 метр жана сугат.

Бишкек шаарынын мэриясы Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине жана China Road & Bridge Corporation компаниясына жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирет!