“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын адистери Балтагулов көчөсүн бойлой 100 жылдык эски жыгач суу өткөргүчтү табышты. Бул борбор калаанын борбордук бөлүгүн ичүүчү суу менен камсыз кылган диаметри 300 мм болгон биринчи суу түтүгү болгон.

Жыгач суу түтүк системасы 30 жылдан ашык кызмат кылган жана 60-жылдары алмаштырылган.

1929-жылы 9 километр узундуктагы биринчи суу түтүгү ишке киргизилип, ал шаарга 2,8 миң куб метр өлчөмүндөгү жыгач түтүк аркылуу ичүүчү сууну берген.