“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын  негизинде троллейбустарды бирдиктүү стилге алып келүүдө.

Троллейбустардын сырткы бөлүгүнүн дизайны кыргыз оймо-чиймелеринин жана элдик макал-лакаптардын текстин колдонуу менен жасалган.

Учурда жаңы дизайндагы 20 троллейбус каттамга чыкты. 1-сентябрга чейин дагы 36 троллейбус ушундай стилге келтирилет.