Бишкек шаарынын мэриясынын Спорт, маданият, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Мирлан Парханов Азияда жана Дүйнөдө бадминтонду өнүктүрүү боюнча федерациясынын директору Сем Сембензен мырза менен жолугушту. Алар азыр Shuttle Time программасын ишке киргизүү менен иш алып барууда. Программа бадминтон оюну боюнча тренерлерди окутуп-таптоого негизделген.

Азыркы тапка бул программага 140 өлкө кошулду.

Жолугушууда тараптар узак мөөнөттүү негизде эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Директор өз сөзүндө шаарда спорттун бул түрүн жайылтуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын белгиледи. Шаарда оюн өткөрүү үчүн 5тен ашык зал болсо, анын бирине 12 корт жайгашкан.

Ушул жылдын 17-июлунда аталган башкармалык федерация менен биргеликте шаардын Чемпионатын жана Биринчилигин өткөрүп, жыйынтыгында борбор калаанын курама командасы түзүлгөн. 30дан ашык машыктыруучу Shuttle Time программасына жөнөтүлгөн.
Шаардын көптөгөн мектептеринде бадминтон секциялары бар, бирок азыр бадминтонду мектеп программасына киргизүү маселеси КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иштелип жатат.

Алдыга коюлган пландар боюнча  Департаменттин колдоосу менен Борбор Азия чемпионатына 4 өспүрүм катышат.

Бадминтон – эки же төрт оюнчу жуптарга бөлүнүп, ракеткаларды колдонуп тордун үстүнөн атайын бадминтонго ылайыкталган шарды ыргыткан спорт түрү. Бадминтон ойноп жатканда дененин дээрлик бардык булчуңдары ишке киришип, бул спорт абдан чарчатат.

Бадминтон ойноо өпкөнүн иштешине оң таасирин тийгизип, булчуңдарды жана сөөктөрдүн тыгыздыгын бекемдейт, рефлекстерди жана көңүл бурууну машыктырат. Травма алуу жагынан коопсуз оюн болгондуктан,  үч жаштан баштап катышса болот. Оюн физикалык өнүгүү жана координация үчүн абдан пайдалуу гана болбостон, кичинекей балдар үчүн эң сонун, кызыктуу боло алат.