Борбор калаанын спорттук мектептеринин окуучулары Ысык-Көлдө ден соолукту чыңдоого  негизделген окуу-машыгуу лагеринде.
Лагерь 800дөн ашык балдарды жана өспүрүмдөрдү камтыйт.

Иш-чаралардын сапаттуу уюштурулушун текшерүү жана окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүгө усулдук жардам көрсөтүү максатында Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин адистери лагерь өтүп жаткан жайларды кыдырышты.

Учурда бильярд жана велоспорт боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резервдик мектебинин, Октябрь райондук адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резервдик мектебинин жана шахмат боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резервдик мектебинин тарбиялануучулары эс алышууда.  

Бул убакытка чейин лагерге спорттук мушташ өнөрлөрү боюнча, бильярд спорту боюнча, спорттук оюндар боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резервдик мектептеринин тарбиялануучулары  барып келишкен. Балдар менен машыктыруучулар бирге баргандыктан, машыгуулар да үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Спорт адамдын жашоосунда гана эмес, мамлекеттик түзүмдө дагы  чоң мааниге ээ. Спорт улуттук деңгээлдеги мамилелерге, адамдын коомдогу абалына таасирин тийгизет, ошону менен моданы, этикалык баалуулуктарды, адамдардын жашоо образын калыптандырат. Жаман адаттардын алдын алуудан тышкары, дене тарбия адамзаттын укмуштуудай муктаждыктарын канааттандырат.