«Мектеп лигасынын» жаш жеңүүчүлөрү Ысык-Көл облусуна эс алууга кетишти.
Спортчуларды борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жана Бишкек шаарынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Мирлан Парханов узатышты. Биринчилерден болуп 3 күндүк эс алууга Ленин, Свердлов райондорунан 100 окуучу кетишти.
Мектеп лигасы борбор калаанын 4 районунун арасында 17-январдан 20-майга чейин райондук администрациялар менен биргеликте 2 этап менен: райондук жана шаардык болуп өткөрүлгөн . Оюндун түрлөрү: баскетбол, волейбол, бадминтон, тогуз коргоол, дартс, стол тенниси, жеңил атлетика, ордо, шахмат жана аркан тартыш. Иш-чара жаштайынан сергек жашоого үндөө жана келечектеги таланттуу спортчуларды аныктоо жана таптоо максатында уюштурулган.
Бишкек шаарынын мэриясы жаш жеңүүчүлөргө жакшы эс алуу, күч-кубат алуусун каалайт!