Муниципалитетте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун вице-мэрлер, райондордун башчылары жана шаардык, райондук кызматтардын жана чарбалык субъекттердин жетекчилери менен кезектеги пландык кеңешмеси  өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө борбор калаага 15 мектеп жана бир бала бакча куруу маселеси талкууланды.

Мэр ишти өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү маанилүү экенин белгиледи. Район жетекчилерине жогоруда аталган объектилердин курулушунун жүрүшүн такай көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Экономика жана финансы боюнча биринчи вице-мэр Мирланбек Байгончоковго Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта объектилердин курулушун өз убагында каржылоону камсыз кылуу милдеттендирилди.

Турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Олег Попиковго Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин курулушуна байланыштуу коммуналдык кызматтардын ишин өз убагында бүткөрүүнү көзөмөлгө алуу, ал эми  социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачевага   Билим берүү башкармалыгынын башчысы менен биргеликте  жаңы билим берүү уюмдарын өз убагында кадрлар менен толуктоону камсыз кылуу, ошондой эле тиешелүү жабдуулар менен камсыздоону көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчыларына төмөнкүлөр тапшырылды:

- 2022-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин курулушун аякташсын жана пайдаланууга берүүнү камсыз кылсын;

- жалпы билим берүү уюмдарынын курулушун өз убагында аяктоо максатында курулуш объектилеринде подряддык уюмдардын 2, 3 сменалык иштөөсүн камсыз кылсын.

«Бишкекжашылчарба» МИге курулуп жаткан билим берүү мекемелеринин аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштерди белгиленген тартипте жүргүзүү,  «Бишкекжарык» МИ жаңы ыкмалар менен билим берүү мекемелеринин аймагын,  көчөлөрдү жарыктандыруу иштерин жүргүзүү,  "Бишкекасфальтсервис" МИге жаңы объектилерге баруучу жолдорду жана тротуарларды оңдоо маселесин белгиленген тартипте кароо тапшырылды.

Бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук кызматтардын жана чарба жүргүзүүчү субъектердин жетекчилерине Капиталдык курулуш башкармалыгы жана Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы куруп жаткан жалпы билим берүү уюмдарынын курулушуна байланышкан маселелерди чечүүгө  белгиленген тартипте көмөк көрсөтүү милдеттендирилди.

Мындан тышкары, шаар мэри курулуп жаткан мектептердин фасадынын дизайнын карап чыгууну жана сунуш киргизүүнү  сунуштады.