Октябрь райондук администрациясында кирешелер боюнча штабдын кезектеги жыйыны өттү.

Жыйын Октябрь районунун башчысы Азамат Дороевдун төрагалыгы алдында Мамлекеттик салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин, КРнын Финансы министрлигинин Октябрь району боюнча башкармалыгынын жана жергиликтүү аймактык башкармалыктардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Штабда жергиликтүү салык жыйындардын түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын райондук көрсөткүчтөрү каралды.

Жети айдын жйынтыгына ылайык, жыл башынан бери райондун киреше бөлүгүнө түшкөн салык төлөмдөр жана жыйымдар 1 450,8 млн. сомду түзгөн, планда 1 315,8 миллион сом болгон, аткаруу 110,3 % түзүп, белгиленген план же келип түшкөн сумма 450,9 млн. сомго көп болгон.

Кеңештин жыйынтыгында салык кызматтарына, райондук МАБдарга, администрациянын экономика жана финансы бөлүмүнө жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 2-жарым жылга аткаруу боюнча тийиштүү чараларды көрүү сунушталды.

Урматтуу борборубуздун ишкерлери!
Салык жыйымдарын өз убагында төлөгөндүгүӊүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз!