“Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасы шаардыктардын кайрылууларына ыкчам чара көрүп, лифттердин бузулууларын жоюу иштерин улантууда.

Бир айдын ичинде 142 кайрылуу түшкөн. Анын ичинен муниципалдык лифттерден 119, ал эми башка жеке менчик лифттердин тейлөөсүнөн 23 кайрылуу болгон. Ошол эле учурда лифттер-операторлор тарабынан 4 жүргүнчү эвакуацияланган.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сизде лифттердин иштөөсүндө кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса, 43-78-48 телефону боюнча «Бишкекшаарлифт»  МИнын Лифттик  авариялык кызматына кайрылыңыздар.