Шаар тургуну Евгений Николаев  Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү  мекемелерине өрүк алып келди.

«Коломто» муниципалдык мекемесине, Майыптардын шаардык реабилитациялык борборуна, «Айданек» жашы жете элек балдарды интеграциялоо борборуна 2 кутудан берилди.

Бишкек шаардык карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык стационардык мекемесине 13 куту тапшырылды.

«Ротари» социалдык жатаканасына 4 куту, ал эми Бишкек мэриясынын Балдарды социалдык адаптациялоо борборуна 7 куту өрүк берилди.

"Аязат" үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен балдары бар аялдарга жардам берүү борборуна 3 куту берилди.

Эскерте кетсек, буга чейин Евгений Николаев шаардык кызматтардын жана ооруканалардын кызматкер айымдарын  гүлдестелер менен кубандырган.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургуну көңүл бурганы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Узак жаша, Евгений Дмитриевич!