Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Инспекторлор май куюучу жайлардын администрациясы менен жанаша жайгашкан аймакта тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жалпысынан 21 пунктту текшердик. Анын ичинен 6 объектинин жанаша жайгашкан аймагынын абалы канааттандырарлык эмес.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесинин негизинде «Газпромнефть Азия», «ГазИнтерСервис», «Альфа Ойл», «Партнер Ойл», «Газпром нефть» жана «Кыргызнефтепродукт» компанияларына протокол түзүлгөн. Бирок  компаниялар күнөөлөрүн мойнуна алган жок. Эми иштерди административдик комиссия карайт.

Мыйзамсыз орнотулган объектилерди демонтаждоону да унуткан жокпуз. Алсак, Бакаев көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин, Асаналиев көчөсү Бакаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин, Садырбаев көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин текшерилип, 57 даана штенд  жана 3 баннер алынды.

Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын ишине байланышкан  суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.