Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун тапшырмасына ылайык, билим берүү мекемелерин куруу боюнча штаб түзүлдү.

Биринчи жыйын өткөрүлүп, анда аким шаардык кызматтар менен биргеликте билим берүү мекемелеринин курулушунун акыркы этаптарын аныктады.

Биринчи кезектеги милдеттерге ылайык, 2022-жылдын 15-августуна чейин бардык техникалык документтерди берүү, инженердик коммуникацияларды туташтыруу, асфальт төшөө, ирригация иштерин жүргүзүү, аймактарга бак-дарактарды отургузуу, штаттык бирдиктерди толуктоо, окуу китептерин, эмерек жана жабдууларын алуу тапшырылды.

Жыйынтыгында Биринчи май районундагы билим берүү мекемелеринин курулушун өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү боюнча иштерди активдештирүү тапшырылды.

Ошондой эле М.Сазыкулов бардык тапшырмалар боюнча жетекчилердин жеке жоопкерчилигин баса белгиледи.