Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан укук коргоо органдарына Октябрь администрациясы менен "Комтранском" ЖЧКнын ортосунда турмуш - тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу боюнча келишимдин шарттарын аткаруу боюнча тапшырма берилди.

Бул шаардыктардын жогоруда аталган жеке компаниянын ишине даттанууларынын көбөйүшүнө, ошондой эле Октябрь районунда таштандынын үймөктөрү пайда болушуна байланыштуу.

Мындан тышкары, учурда Октябрь райондук администрациясы менен "Комтранском" ЖЧКнын ортосунда келишимди бузуу маселеси боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.

Эске салсак, 2016-жылы "Тазалык" муниципалдык ишканасы жарыялаган пилоттук долбоордун алкагында Октябрь районунан КТК ташып чыгуу жеке компанияга өткөрүлүп берилген. "Комтранском" ЖЧКсы пилоттук долбоордун жеңүүчүсү деп табылган.