Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы «Тазалык» ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте “Түштүк-2” кичи районун уруксат берилбеген объектилерден бошотууну улантууда.

Аянты 16 чарчы метр болгон павильон, химиялык тазалоо жүргүзүүчү павильон алынып, муниципалдык аймактын 14 чарчы метр аянты бошотулду.

Жашылча-жемиш сатуучу павильон мыйзамсыз ордун таштап, 20 чарчы метр аянт шаардыктарга кайтарылды. ошондой эле жеңил типтеги уруксатсыз орнотулган.

Ошондой эле металл гараж демонтаждалып, Панфилов көчөсүндөгү 15 чарчы метр аянт бошотулган.

Бөкөнбаев жана Керимбеков көчөлөрүнүн кесилишинде биздин бригада 6 чарчы метр гезит күркөсүн да демонтаждап бүтүрдү.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.