Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев менен жолугушту.

Жыйынга  экономика жана финансы боюнча вице-мэр Мирланбек Байгончоков жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Олег Попиков, ошондой эле фонддун башка өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө турак жай-коммуналдык чарба тармагында сапаттуу коммуналдык кызматтарды көрсөтүү үчүн лизингге атайын техникаларды сатып алуу маселеси талкууланды. Фонддун төрагасы техникаларды алуу шарттарына да токтолду.

Учурда муниципалитеттин адистери өзбек тарап сунуштаган атайын унаалардын техникалык мүнөздөмөлөрүн изилдеп жатышат.