“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы канализациялардын толуп калуу себептерин айтып берет.

Канализациялык система суюк калдыктар жана адам баласынын жашоосу үчүн багышталган. Бирок практика көрсөткөндөй канализацияга болгон нерсенин баары ыргытылып жатат. Мына ушундай учурларда кыйынчылыктар келип чыгат, себеби шаардыктар түтүктөргө жана коллекторлорго таштандыны, телефондорду, бутактарды жана ошондой эле велосипеддин рамаларын бат-баттан «агызып» жатышат.

Сууну бөлүштүрүүнүн шаардык системасы суюк тиричилик таштандыларын кабыл алуу үчүн багытталган. Шаардыктар ушундай боло берет деп ага таштандылардын бардык түрлөрү болгон курулуш, тиричилик, чүпүрөктөрдү, гигиена каражаттарын утилизациялоонун универсалдык ыкмалары менен ыргытып жатышат. Ушулардын бардыгы оролушуп, канализациялык коллекторлорго чогулуп, алардын коё берүү жөндөмдүүлүгүн кичирейтет. Соркыскыч станцияларына туш келген таштандылар жабдыктардын иштен чыгышына алып келет. Ал эми канализациянын тазалоо курулмаларынын кызматкерлери кымбат баада турган агрегаттардын иштешинде үзгүлтүктөрдү болтурбоо жана дайыма келип түшкөн агынды сууларды кабыл алуу үчүн күнүгө бир нече жолу механизмдерди, бекиткич арматураларды жана өткөрмө түтүктөрдү тазалап турушат.