“Тазалык” муниципалдык ишканасы борборубузда тазалык үчүн күрөштү улантууда.

Борбор калаанын төрт районунда шаардын көчөлөрүн тазалоого 635 тазалыкчы чыкты:

• Ленин району – 190 адам;
• Октябрь району – 132 адам;
• Биринчи май району – 174 адам;
• Свердлов району — 139 адам.

Ошондой эле, борбор калаада санитардык тазалоо иштерине 108 жүктөгүч, бардык райондордо 39 даана атайын техника тартылган. Катуу тиричилик калдыктарын  чыгаруу линиясында 69 жүктөгүч, Свердлов району боюнча 12, Ленин районунда 20 атайын техника тартылган. Түнкүсүн дагы 9 атайын техника линияга чыгат.

Кошумчалай кетсек, “Тазалык”  ишканасынын жумушчулары борбор калаанын үч районунда: Ленин, Биринчи май, Свердлов райондорунда челектерди жууп-тазалоону улантууда.

Урматтуу шаардыктар! Таштандыларды белгиленбеген жерге ыргытпоону жана кызматкерлерибиздин эмгегин сыйлооңуздарды суранабыз!