Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы тазалыкты жана тартипти сактоо максатында рейддик иш-чараларды  күчөтүүдө.

Текшерүүнүн  жүрүшүндө Ибраимов көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинен мыйзам бузуу катталып, жеке ишкер таштандыларды туура эмес жерге ыргыткандыгы аныкталды.

Аталган факты боюнча инспекциянын кызматкери А.Султанбековдун атына «Укук бузуулар жөнүндө» Кодекстин 114-беренеси боюнча протокол түзүшкөн.

Тартип бузган адам күнөөсүн мойнуна албай, протоколду ошол жерден тытып салган. Тартип бузуу боюнча иш административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.

Эскерте кетсек, протокол тапшырылгандан кийин укук бузуучу укук бузуунун бланкынын көчүрмөсүн өз алдынча тескөөгө укуктуу, бирок мындай аракет күнөөлүү адамды жазадан бошотпойт.