Турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Олег Попиков «Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорунун консультанты болгон “Либанконсалт” компаниясынын (Ливан) өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү келишимдер боюнча курулуш иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды: «Жаңы санитардык полигонду долбоорлоо жана куруу»; «Учурдагы полигонду жабуу жана рекультивациялоо»; «Катуу тиричилик калдыктарын иргөө линиясы жана жашыл таштандыларды компосттоо аянты».

Өз кезегинде О.Попиков жогоруда аталган компания менен муниципалитеттин өз ара аракеттенүүсүнө даярдыгын билдирди.