Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти муниципалдык мүлктү ижарага берүүгө электрондук аукционду баштайт.

Борбор калаада  https://etp.okmot.kg/msu//  соода аянтында жайгашкан объекттилерге аукцион старт алды. Толук маалыматты  ар бир лоттко басып тактаса болот.  Бул аянтча төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарын орнотуу, чакан жайлар, андан тышкары ашкана, даарыкана жана башка кеңселер үчүн.

Биз шаардыктарды, ишкерлерди онлайн режиминде өтүүчү аукционго катышууга чакырабыз жана сиз коррупциялык тобокелдиктерсиз жана тааныштарыңызды жана досторуңузду издебестен мүлктү толугу менен ижарага ала аласыз.