“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде эскирген троллейбус линияларын алмаштырууну аяктады.
Линиялар төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлдү:
- Карл-Маркс жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Донецк көчөсүнө чейин;
- Фучик жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен Чүй проспектисине чейин;
- Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Москва жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен Манас проспектисине чейин;
- Киев көчөсүнөн Логвиненко жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине чейин.
Троллейбус линияларын алмаштыруу иштеринде ишкананын энерго чарба бөлүмүнүн 12 кызматкери иштеди.