Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун имаратында "Дени сак жамаат"сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш-чарага Саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу Жаркынбек Касымбеков,  Республикалык Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева, КРнын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, КРнын Маданият, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин өкүлдөрү жана конкурсанттардын өздөрү катышышты.

Конкурстук комиссияга саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасындагы ДСУ,  Республикалык Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун, КР Маданият, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин жана Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлдөрү кирди.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча сыйланышты:

1-орун -  №5 ҮМБ (Беговая дорожка)
2-орун - №2 ҮМБ (Велотренажер)
3-орун - №1  ҮМБ  (Теннис столу)

Ошондой эле төмөнкү номинацияларда байгелерди алышты:

"Эң ынтымактуу дени сак жамаат" - С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институту  (Спорт турниги)

"Эң креативдүү дени сак жамаат" - №4 ҮМБ  (Спорт топторунун топтому)

"Көрүүчүлөрдү жактыруу сыйлыгы" - №8 ҮМБ (Спорттук топтордун топтому)

"Умтулуу" - ҮМБ №3 (Спорттук топтордун топтому).

Калган бардык катышуучуларга "Дени сак жамаат"сынагына катышкандыгы үчүн ардак грамоталар тапшырылды.

Белгилей кетсек, КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация  борбору жумуш орундарында кызматкерлердин ден соолугун чыңдоого багытталган "Дени сак жамаат" конкурсун өткөрдү. Ага Бишкек шаарынын 17 саламаттык сактоо уюму катышып, финалга 12 мекеме жетти. Сынак социалдык тармактарда (Facebook, Instagram) 2022-жылдын  5-июнунан 31-июлуна чейин #денисакжамаат хэштеги астында өткөн.

Сынактын максаты физикалык активдүүлүктү жайылтуу жана кыймылсыз жашоо образына каршы күрөшүү болгон. Саламаттыкты сактоо уюмдары сергек жашоо образын жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн мисал менен коомчулукка көрсөтүшү керек.