8-9-августта 2008-2009-жылкы өспүрүмдөр арасында жайкы Спартакиада өттү

Бул иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Октябрь райондук администрациясы  тарабынан уюштурулду.  Мелдеш спорттун 6 түрүн өзүнө камтып, эки күн аралыгында балдарга майрамдык маанай тартуулады.

Иш-чаранын негизги максаты балдарды сергек жашоого жана дене тарбия, спорт менен машыгууга үндөө, балдар арасында достук мамилени бекемдөө, ынтымака чакыруу болуп саналат.

Стол тенниси, шашки, кичи футбол, пионербол, аркан тартыш жана эстафета боюнча өткөн спорттук иш-чара Октябрь районуна караштуу 91-мектеп-гимназиясынын спорттук базасында өттү.  8-август күнү спорттун 3 түрү боюнча балдар таймашып, жыйынтыгы төмөнкүдөй болду.

Эстафета:
1-орун – №6-МАБ;
2-орун – 9-МАБ;
3-орун – 11-МАБ.

Пионербол:
1-орун – 6-МАБ;
2-орун – 9-МАБ;
3-орун – 10-МАБ.

Аркан тартыш:
1-орун – 6-МАБ;
2-орун – 9-МАБ;
3-орун – 8-МАБ.

Ал эми 9-августта футбол, стол тенниси, шашки боюнча мелдеш болуп, жыйынтыгы төмөнкүдөй болду.

Футбол:
1-орун – 8-МАБ;
2-орун – 6-МАБ;
3-орун – 6-МАБ (2-команда).

Шашки кыздар:
1-орун – 6-МАБ;
2-орун – 11-МАБ;
3-орун – 9-МАБ.

Шашки балдар:
1-орун – 6-МАБ;
2-орун – 9-МАБ;
3-орун – 10-МАБ.

Стол тенниси:
1-орун – 6-МАБ;
2-орун – 10-МАБ;
3-орун – 9-МАБ.

Байгелүү орундарды ээлеген командалар кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.