Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жергиликтүү деңгээлде балдардын жана жаштардын укуктарын ишке ашырууда муниципалдык башкаруу органдарына колдоо көрсөткөн «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» долбоорун ишке киргизүүнү баштады.

Бул демилге өз шаарын өнүктүрүүгө, жашоо-шартты оңдоону каалаган балдарды жана жаштарды,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык коом уюмдарын, жеке секторду бириктирет.

Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жаштардын жана балдардын үнүн жана муктаждыктарын эске алуу менен ресурстарды пландаштырууга жана бөлүштүрүүгө жардам берүүчү куралдарды сунуштайт.

«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн департамент Консультативдик кеңешти түзүүнүн башталышын жарыялайт.

Бишкек шаарынын жаштар иштери боюнча консультациялык кеңеши Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин алдында түзүлүп, коомдук башталышта иш алып барган жаштар саясаты жаатындагы коллегиалдуу, кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Кеңештин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
• жергиликтүү бийлик органдарында Бишкек шаарынын жаштарынын кызыкчылыктарын көрсөтүү;
• Бишкек шаарынын жаштарын ар тараптуу өнүктүрүүгө, анын потенциалын ачууга жана ишке ашырууга, жаштарды активдүү коомдук, экономикалык жана саясий турмушка тартууга көмөктөшүү;
• Бишкек шаарындагы балдардын укуктарын илгерилетүүгө жана коргоого көмөк көрсөтүү;
• Бишкек шаарынын жаштарынын арасында активдүү жарандык позицияны, жергиликтүү коомчулуктун актуалдуу маселелерин чечүүгө катышуу каалоосун, жаштардын көйгөйлөрүн чечүүдө өз алдынчалыкты жана жоопкерчиликти калыптандыруу;
• Бишкек шаарында жаштардын демилгелерин көрсөтүү жана ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;
• иш-чараларды координациялоо жана жаштардын көйгөйлөрүн чечүүдө Бишкек шаарынын жаштар уюмдарынын жана формалдуу эмес жаштар бирикмелеринин (анын ичинде мектеп парламенттери жана студенттик өз алдынча башкаруу органдары) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара кызматташуусун камсыз кылуу.

Кеңештин негизги милдеттери:
• жаштар саясаты жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын козгогон башка маселелер чөйрөсүндө маалыматтык-консультациялык иштерди жүзөгө ашыруу;
• жаштардын көйгөйлөрүн талдоо жана муктаждыктарына мониторинг жүргүзүү, социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
• максаттуу муниципалдык программалардын долбоорлоруна жана жаштардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу жаатындагы долбоорлорго, ошондой эле жергиликтүү өнүгүү стратегияларын иштеп чыгууга сунуштарды киргизүү;
• жергиликтүү коомчулуктун социалдык, саясий жана экономикалык көйгөйлөрүн натыйжалуу чечүү үчүн жаштарды жигердүү ишке тартуу;
• коомдук талкууларды, тегерек столдорду, семинарларды, коомдук-саясий кыймылдардын лидерлеринин жолугушууларын өткөрүү;
• жаштар арасында нормага туура келбеген көрүнүштөрдү, кыял-жоруктарды алдын алуу;
• жаштарды жарандык-патриоттук жактан өнүктүрүүгө, ошондой эле аларды сергек жашоого, кошумча билимге жана маданиятка тартууга көмөк көрсөтүү;
• райондун жана областтын башка аймактарынын Кеңештери, коомдук уюмдар жана кыймылдар менен өз ара аракеттенүү.

"Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" долбооруна катышуу үчүн талапкер:
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштар уюмдарынын мүчөсү;
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын формалдуу эмес жаштар бирикмелеринин мүчөсү (анын ичинде мектеп парламенттери жана студенттик өкмөттөр);
• 28 жашка чейинки чакан жана орто бизнестин жетекчиси;
• 28 жашка чейинки билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлер.

Эгерде булардын бири сиз жөнүндө болсо, анда Кеңешке кошулуу үчүн биз менен байланышыңыз: 0755808899.