Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы №224 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 14-июлундагы №1426/1 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо жөнүндө» буйругун аткарууда, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын өткөргөн  мониторингине ылайык,  калаанын муниципалдык билим берүү уюмдарынын 61 жетекчиси 5 жылдан ашык иштегени аныкталгандыгын билдирет.

Учурда Бишкек шаары боюнча борбордун жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордуна 56 бош орун бар.
Ошондой эле, мамлекеттик, муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 14-июлундагы №1426/1 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо жөнүндө»  буйругу менен жөнгө салынаарын кошумчалайбыз.