“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы өз ишин улантууда.

Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү №83 турак жайдын электр энергияга кошулуусуна байланыштуу 8-кичи райондогу №47 үйдүн насостук станциясын өчүрүү зарыл.

2022-жылдын 16-августунда саат 10:00дөн 18:00гө чейин таза суу берүү токтотулат.

Төмөнкү турак жайларда суу өчүрүлөт:
8 -кичи район. №45, №46, №47, №45/1, №46/1, №46/4;
Токомбаев көчөсү, №45/2.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-августунда саат 10:00дөн 17:00гө чейин Кумарык көчөсүндө жаңы суу линиясынын тартылышына байланыштуу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жайларга суу берүү токтотулат.

Дэн Сяопин проспектиси - Трудовая көчөсү - Пишпек көчөсү - Кеңсуу көчөсү чектешкен аймакта ичүүчү суу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкка жана мекемелерге ичүүчү сууну камдап алууну сунуштайт.