Бильярд жана велоспорт боюнча адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары “VISA Tour of World Class Almaty – 2022” веложарышынан жеңиш  менен кайтышты. Барган бардык 11 катышуучу байгелүү орундарга ээ болушту.

Турнир Алматы шаарында (Казакстан) мырзалар, айымдар, өспүрүмдөр балдар жана кыздар арасында өтүп, жалпысынан дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн 2000дей адам катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча биздин спортчулар төмөнкү орундарды ээлешти:
12-14 жаш курактагылардан тоого велосипед менен чыгууда:
Макткаримов Сардорбек – 1-орун.
12-14 жаш кырагындагылардан шосседе тебүү боюнча балдар арасында:
Маткаримов Шахрух – 2-орун;
Сафронов Кирилл – 3-орун.
15-17 жаш курагындагы кыздар арасында:
Шереметова Елизавета – 1-орун;
Чалова Алимина – 2-орун.
15-17 жаш курагындагы балдар арасында:
Маткаримов Мухамед – Али – 2-орун;
Оролов Эрлан – 3-орун.
32 км аралыкта кыздар арасында:
Березовская Евгения – 1-орун.
32 км мырзалар арасында:
Велямов Данияр – 2-орун.
52 км мырзалар арасында:
Дядичкин Александр – 1-орун;
Козлов Вадим – 2-орун.

Иш-чара велоспортту өнүктүрүү жана веложарыштардын статусун жогорулатуу, сергек жана жигердүү жашоо образын жайылтуу, жаш таланттуу спортчуларды колдоо жана шаар тургундарын спортко тартуу максатында өткөрүлдү.