“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол инфраструктурасын оңдоо, жол сызыктарын чийүү жана борбор калаанын көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Күндүз калаабыздын көчөлөрүндө унаалардын агымы көп болгондуктан, Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде автоунаа тыгынын жаратпоо үчүн жана шаар тургундарынын өтүүсүнө тоскоолдук жаратпоо максатында ишкананын кызматкерлери түнкү убакта аталган аймакта жолду кырып оңдоо иштерин «карточный ремонт” жүргүзүштү.

Биздин усталар атайын «фреза» техникасы менен бузулуп калган асфальт катмарын алып, жолдун жүрүүчү бөлүгүнө жаңы асфальт катмарын төшөштү.

Белгилей кетсек, бардык иштер түнкүсүн гана жүргүзүлдү. Оңдоо иштери дем алыш күндөрү жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө жол унаалар үчүн ачык.

Борбор калаанын көчөлөрүндө аң-чөнөктөрдү оңдоп-түздөө, жолду белгилерин орнотуу иштери ишкананын өндүрүштүк планына ылайык жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле жолдордогу жана аялдамалардагы жаан-чачын сууларын кабыл алуучу торлорду (ЛПР) орнотуу иштери күжүрмөн жүрүүдө.

Урматтуу шаардыктар! «Бишкекасфальтсервис» МИнин иши боюнча сиздер суроо-талаптарды (фото жана видео) Instagram социалдык тармагына жөнөтө аласыздар: mp_bishkekasfaltservis.

Бишкек шаарынын мэриясы биздин ишибиздеги кемчиликтерди жана каталарды социалдык түйүндөрдө жана мессенджерлерде өз убагында кабарлаганы үчүн шаардыктарга чын дилинен ыраазычылык билдирет.