Шаардык мэриянын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы Биринчи  май администрациясы менен биргеликте Бишкектин борбордук көчөлөрүн заманбап жана ыңгайлуу шаардын стандарттарына ылайык келтирүү боюнча планды ишке ашырууну улантууда.

Алгачкы демилгелердин бири борбор калаанын көчөлөрүн мыйзамсыз күркөлөрдөн жана соода павильондорунан "тазалоо" болду. Мэриянын тапшырмасы боюнча Бишкектин борбордук көчөлөрүндө стационардык эмес соода объектилери аныкталды.

Ала-Тоо кинотеатрынын жанындагы киоск демонтаждалды, буга чейин ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ошону менен бирге сооданын бул түрүнүн ээлери менен ижара келишимдик мамилелерин аяктоо маселеси каралууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, күркөлөр шаардын көрүнүшүн кыйла бузат. Алардын ээлери мыйзамсыз электр тармактарына кошулуп, таштандыларды чыгаруу боюнча келишим түзүшпөйт. Мындан тышкары, айрым объектилер шектүү сапаттагы өнүмдөрдү сатышат.

Райондун администрациясы соода - сатыктын ушул сыяктуу түрү жумуш орундары экендигин жана көбүнчө соода сатуучулары жана дүкөн ээлери үчүн бирден-бир киреше булагы экендигин эске алат. Аларга продукцияны сатуунун альтернативдүү пункттары сунушталат.  

Мындан ары борбор калаанын борбордук көчөлөрүнө бирдиктүү күркөлөрдү  орнотуу пландалууда, алар шаардын архитектурасына шайкеш келет.  Мындай күркөлөрдүн  эскиздери бүгүнкү күндө бекитүү баскычында турат.