Оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги спорт балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу Эмил Молдодосов Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында 89 килограмм салмакта күмүш медаль тагынды.

Спортчунун машыктыруучулары Өмүржан Молдодосов менен Камбар Токтоналиев.

Ислам тилектештик оюндары — Ислам Конференциясы Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мыкты спортчулары катышкан эл аралык спорттук иш-чара.

Чемпионат 10-августта башталып, 2022-жылдын 18-августуна чейин уланат. Ага 56 өлкөдөн төрт миңге жакын спортчу катышып, спорттун 20 түрү боюнча 483 комплект медаль ойнотулууда. Мелдешке кыргызстандык 25 спортчу учуп кетишкен.

Бишкек шаарынын мэриясы Э.Молдодосовду жеңиши менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт!