Ата-энелер бирдиктүү мектеп формасын сатып алууга аргасыз болуп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 «Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык стилде болот. Окуучулардын кийиминин жалпы көрүнүшү, анын түсү  кийимдин классикалык стилине туура келиши керек.

Белгилей кетсек, шаардын аймагында жогорудагы токтомго каршы келген башка мектеп формасы киргизилген эмес. Ушуга байланыштуу ата-энелерди ушул токтодун  нормаларын жетекчиликке алууну суранабыз.

Жалпы билим берүү уюмдары тарабынан мектеп формасын сатып алууга мажбурлоонун конкреттүү фактылары аныкталган учурда директорлорго тартиптик жаза чаралары, анын ичинде ээлеген кызматынан бошотууга чейинки чаралар көрүлөт.