“Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана тазалоо иштерин жигердүү  улантууда.

Ишкананын кызматкерлери Свердлов, Ленин, Биринчи май жана Октябрь райондорунун аялдамаларын, көчөлөрүн жууп тазалашты.

Жолдорду жана аялдамаларды жууганга 12 атайын техника жана 36 жумушчу тартылган.

Сүйөркулов, Юнусалиев, Фучик көчөлөрүнүн боюндагы, Чүй жана Манас проспектилериндеги аялдамаларды жуушту. Башка көчөлөрдө дагы иштер улантылат.

Ошондой эле таң эртеден бери Бишкек шаарында «Тазалык» ишканасынын тазалыкчылары штаттык режимде иштеп жатат.