«Бишкекжашылдандыруу»  муниципалдык ишканасынын жашылдандыруучулары  үчүн жумалык жашыл аянтчаларга суугаруу менен башталды.

Киргизия-1 жана Жогорку Транзит каналдарынан келген арык суулары менен жашылдандыруучулар Токомбаев,  Медеров,  Манас, Токтогул, Айни, Фрунзе-Медеров, Эркиндик бульвары, Физкультурный аянты жана башка көчөлөрдү сугарып башташты.

«Өкмөт», «Театральный» скверлеринде, Жеңиш аянтында, Жаштар аллеясында, «Ынтымак-2» паркында, Чүй проспектисинде жана Токтоналиев, Байтик-Батыр, Чолпон-Ата көчөлөрүндө көк майсан тегизделип кыркылды.

Борбор калаанын Биринчи иай районундагы Ижевский тилкесинде Щербаков көчөсүнөн Саадаев көчөсүнө чейинки аралыкта коллектордук-дренаждык түйүндөрдү кол менен тазалоо иштери жүргүзүлүп, Горький көчөсүндөгү арыктар да тазаланды.

Урматтуу шаардыктар! «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы шаардын жашыл аймагына  кам көрүүнү суранат.