Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Мирлан Парханов Күрөш боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Учурда мектепте жылытуучу батареяларды алмаштыруу, имараттын ичинде оңдоо-жасалгалоо, электр жумуштары, ошондой эле душ кабиналарында жана дааратканаларда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, чектелген финансылык каражаттардан улам мурда косметикалык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Өткөн жылы биринчи жолу чоң жана чакан дзюдо залында имараттын чатыры жана полу алмаштырылган.

Бул жылы жылуулук өткөрүүдөгү аварияга байланыштуу администрация жылуулук энергиясын берүүнү мөөнөтүнөн мурда өчүрүүгө аргасыз болду, ошого жараша эскилиги жеткен түтүктөр милдеттүү түрдө алмаштырылат. Терезелер жана эшиктер дагы жаңы орнотулат.

М. Парханов спортчулар машыгуусун үзгүлтүккө учуратпашы үчүн суук түшкөнгө чейин ишти аягына чыгарууну тапшырды.

Мектеп бокс, дзюдо, кикбоксинг жана күрөш сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча адистешкен. 1000ден ашык спортчу машыгат. Сабактар күн сайын эртең мененки саат 8:00дөн 23:00гө чейин өткөрүлөт.

Мектеп эл аралык ири сынактардын көптөгөн жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин тарбиялап чыккан.