Ленин районунда транспорт салыгын төлөөдөн качкандарды аныктоо боюнча рейддер башталды.

Муниципалдык администрация, Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын, Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте «Ош базары» соода комплексинин жанаша жайгашкан аймагында транспорт салыгын төлөө боюнча рейд жүргүзүштү.

Транспорттук салык рейдинин жыйынтыгында ар бири 1000 сомдон 8 протокол түзүлүп, бир унаа айып жайга жөнөтүлүп, лицензиясы жок иштеген таксисттерге 69 акт түзүлдү, бул иш-чара ММК өкүлдөрү тарабынан тасмага тартуу менен коштолду.

Белгилей кетсек, рейддер салык төлөөчүлөрдү аныктоо максатында гана эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында да жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, жарандар транспорт салыгын 2022-жылдын 1-сентябрына чейин төлөшү керек.