“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы мэр Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын  негизинде жаңы окуу жылына карата даярдыктарды баштады.

Троллейбустарга «Көңүл бургула! Балдар!" деген жазуудагы эскертүүлөр илинди. Мындан тышкары, айдоочуларга окуу жылынын башталышы тууралуу маалымат берилди.

Жалпысынан ишканада 183 троллейбус болсо, анын ичинен 135-140 троллейбус күн сайын шаардыктарды тейлейт.