Муниципалдык администрациялар өз багытында иш алып барууну улантууда.

Октябрь администрациясынын кызматкерлери ӨКМдин бөлүм кызматкерлери, «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Орто-Сай базарында өрткө каршы машыгуунун алкагында өрт гидранттарынын даярдыгын текшеришти.

Өрт гидранттарын текшерүү учурунда мыйзам бузуулар аныкталган. Аларды жоюу боюнча «Бишкексууканал» башкармалыгына тапшырма берилди.

Орто-Сай базарынын айланасында 9 өрт өчүрүүчү гидранттар бар. Чоюн өрт гидранттары суу түтүктөрүнөн өрт муктаждыктарында сууну алуу үчүн колдонулат.

Свердлов районунда дренаждык түйүндөр оңдолду. Бишкектин Рыбинский көчөсүнүн жашоочулары көп жылдардан бери үйүнүн боюндагы дренаждык түйүндөр маселесин көтөрүп келишкен.

Бул маселени чечүү максатында Свердлов райондук администрациясы «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы менен биргеликте  эски дренаждык түтүктөрдү жаңысына алмаштырышты. Бөлүнгөн каражатка диаметри 1 метр болгон 3 түтүк алынды.