Борбор калаанын “Алга-2” командасы Кыргызстандын Жогорку Лигасынын резервдик командаларынын арасындагы футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын жеңүүчүсү болду.

2022-жылдын 20-августунда Кыргызстандын Жогорку Лигасынын резервдик командаларынын чемпионатынын 17-турунун алкагында "Алга-2" өз үйүндө "Дордойду" кабыл алып, 2:0 эсебинде жеңишке жеткен. «Алга-2де» голдорду Бактыбек уулу Шумкар, Кубат Сагынбеков киргизишти.

Бул жеңиштен кийин «Алга-2» мөөнөтүнөн мурда резервдик курамдар арасында футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын жеңүүчүсү болду.