«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы билдиргендей, 23-августта саат 10:00дөн саат 21:00гө чейин борбордун айрым райондоруна ичүүчү сууну берүү чектелет.

Анкара көчөсү менен Виноградная көчөсүнүн кесилишиндеги диаметри 200мм бекиткич-жөнгө салуучу арматураны орнотууга байланыштуу ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат.

Ичүүчү суу өчүрүлө турган район: Кара-Жыгач турак жай конушу, Валиханов көчөсү, 1 дарегиндеги жатакана, Анкара көчөсүндөгү «Ихлас» курулуш компаниясынын жаңы үйлөрү, №93 кесиптик лицейи.

Борбордун мэриясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекеме-уюмдарды өз убагында ичүүчү сууну белендеп алууңуздарды суранат.