«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы №10 орто мектепти жана «Алтын-Ордо» конушундагы курулуп жаткан мектепти көрктөндүрүү иштерин бүтүрүүдө.

№10 орто мектептин аймагына жашылдандыруучулар газон чөптүн үрөнүн себишти, бир жылдык гүлдөрдөн клумбаларды уюштурушту, ошондой эле 14 түп арча отургузушту.

“Алтын Ордо” конушундагы окуу жайда кичинекей сейил бак пайда болду. Анын ичине 24 ийне жалбырактуу бактар мектептин имаратынын алдына тигилген, тоголок формадагы гүлзардын ичи сальвия,тагетес  жана башка ар түрдү гүлдөр менен толгон, ал гүлзардын чети самшит бадалдары менен кооздолгон.

Белгилей кетсек, мектептердин жашыл аймактарына отургузулган ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн тамыр системасы жабык болгондуктан, аларды жылуу аба-ырайында отургузууга мүмкүндүк берген. Отургузгандан кийн жаш көчөттөр жакшылап суугарылып,  жер семирткичтер менен азыктандырылды.