Бишкек шаарынын мэриясы Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон мекендештерибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бул суук кабар кабыргабызды кайыштырып, жүрөгүбүздү канатты. Кырсыктан ондон ашык мекендешибиздин  мерт кеткендиги биз үчүн оор жоготуу.

Кырсыкта курман болгондордун жакындарына, үй-бүлөлөрүнө тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, сабыр тилейбиз. Кайрат кылыңыздар!