Бүгүнкү күндө, аз камсыз болгон жарандар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 "Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтомунда каралган социалдык контракт түрүндөгү мамлекеттик колдоодон пайдалануу аркылуу өздөрүнүн жашоо шартын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ленин райондук администрациясы райондук комиссиянын курамын бекитти, анын курамына муниципалдык администрациянын, райондук МАБдын, Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, райондук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирди.

Ленин районунда социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча комиссиянын биринчи отуруму болуп, анда 15 арыз каралып, анын ичинен 10 документ канааттандырылган, 2 документ кайра кароого жиберилген, 1 арыз берүүчү четке кагылган жана 2 документ арыз ээлеринин келбегендигине байланыштуу каралбай калган. Социалдык келишим түзүү укугун алуу үчүн «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алуучулар, иш жүзүндө жашаган жери боюнча төмөнкү документтердин негизинде: арыз, катышуучунун паспортунун көчүрмөсү, үй-бүлөлүк бизнес планы, программанын өзү менен кайрылуусу керек.

Биринчи этапта талапкерлерди тандоону Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын алдында түзүлгөн социалдык маселелер боюнча комиссиялар жүргүзөт. Жардамдын көлөмүн, катышуучулардын программаларын жана бизнес-пландарын убактылуу комиссия ишке ашырат. Бир үй-бүлөгө социалдык контракт боюнча социалдык жардам төлөмдөрүнүн өлчөмү 100 миң сом өлчөмүндө белгиленген.

Маалымдама: Социалдык контракт – бул аз камсыз болгон үй-бүлө (же жалгыз жашаган аз камсыз болгон жаран) менен социалдык коргоо органынын ортосунда түзүлгөн келишим. Анын шарттары боюнча мамлекет бекер акча берет, жаран өзүнүн үй-бүлөсүнүн материалдык шарттарын жогорулатуу боюнча милдеттенмелерди алышат.