“Тазалык” муниципалдык ишканасы Биринчи май районундагы үйүлгөн таштандыларды тазалоону улантууда.

Акыркы 3 күндө ишкананын кызматкерлери Биринчи май районунда жалпы 1000 тоннадан ашык таштанды чогултушту. Тазалоо иштерине 24 даана атайын техника жана 30 жүктөгүч тартылган. Бардык таштанды аянтчаларындагы таштандылар алынды.

Учурда “Ак-Босого”, “Жеңиш”, “Тынчтык”, “Көлмө” конуштарында 15 даана атайын техника жана 15 жүктөгүч таштандыларды контейнерлерден чыгаруу жана үймө-үй кыдырып чыгаруу иштерин жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күндө, Бишкек шаары боюнча санитардык тазалоого 627 тазалоочу, 103 жүктөгүч жана 49 атайын техника, катуу тиричилик таштандыларын чыгарууда 73 жүктөгүч жана 43 даана атайын техника иштеп жатат.