2022-жылдын 28-сентябрынан 30-сентябрына чейин Ташкентте (Өзбекстан) “Жылуулук, желдетүү, кондициялоо, суу менен камсыздоо, сантехника, бассейндер, курчап турган чөйрөнү коргоо технологиялары жана энергиянын кайра жаралуучу булактары – Aquatherm2022” 10-юбилейлик эл аралык көргөзмөсү өтөт.

Көргөзмөдө жылытуу,  желдетүү жана муздатуу,  суу менен камсыздоо жана сууну тазалоо, бассейндер, ваннанын дизайны жана жабдуулары, өнөр-жай жана коммерциялык муздаткычтар, ванна бөлмөлөрү жана ашканалар көрсөтүлөт.

Буга чейин Азербайжан, Германия, Италия, Казакстан, Кытай, Польша, Корея Республикасы, Россия, Түркия, Швеция жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн компаниялары жана бренддери аталган көргөзмөгө катышууга билдирүү жиберишкен.

Көргөзмөдө санитардык-эпидемиологиялык ченемдер жана эрежелер катуу сакталат. Көргөзмөгө кирүү электрондук төш белгилер менен гана болот, аларды https://www.aquatherm-tashkent.uz сайтында онлайн каттоодон алса болот.

Толук маалымат: Яна Иванова, +(998 71) 205 14 14, e-mail: yana_ivanova@kongress-servis.uz