№13 мектеп-гимназиясынын жыйын залында жолугушуу өткөрүлүп, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары, №1, 2, 3, 4, 5 жана Чоң-Арык МАБнын кызматкерлери менен «Мыкты короо» жана «Мыкты квартал» конкурсунун шарттары талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин өкүлдөрү "Мыкты короо", "Мыкты квартал" конкурсуна катышуу үчүн ар бир позиция боюнча шарттарын түшүндүрүп беришти, кийинчерээк катышуучулар Бишкек шаарынын кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларынын эмгек акысын көбөйтүү боюнча маселесин талкуулашты.

Жыйынтыгында, муниципалдык администрациянын аппарат жетекчиси Салмурбек уулу Азат МАБдын жетекчилерине сынакка активдүү катышып, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына арыздарды даярдоого көмөк көрсөтүүнү тапшырды. Ошондой эле, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигине үй жана кварталдык комитеттердин төрагаларынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштар берилди.