Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери өз ишин улантууда.

Инспекция жарандардын, чарбалык субъекттердин жана жеке ишканалардын санитардык нормаларды сактоосуна өзгөчө көзөмөл жүргүзүүдө.

Борбор калаанын эрежесин бузган кылмышкерлер күнөөсүн мойнуна алса албаса дагы ошол жерде протоколдор түзүлөт.

Тазалык жана тартипти сактабагандыгы үчүн Чимкентская, 37/1 дарегиндеги  «Йыса чиркөөсү» жана Саратов кочөсү 10 дарегиндеги Чүй облустук ооруканасы КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Ушул эле берене боюнча мыйзам бузуу фактылары «Ала-Таш» ЖЧКсы, «Дениз» ЖАКы, «Шерой» ЖЧКсы, «Делмар Групп» ЖЧКсы, «Ассорти» жана «Инжир» кафелери тарабынан да катталган.

Ал эми «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы 179-берененин 1-бөлүмү менен мыйзамсыз түрдө жарнамалык түзүлүштөрдү орноткон.

Бир жуманын ичинде жалпы суммасы 307 миң сомду түзгөн 37 мыйзам бузуу каттаган.

Муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам күн сайын өз аймагынын айланасында тазалыкты камсыздоосу керектигин эскертет.