Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте борбор калааны уруксатсыз орнотуулардан бошотууда.

Инспекция объекттерди орнотуунун мыйзамдуулугу боюнча күн сайын текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөрдү берүүдө.

Бишкек шаарынын прокуратурасынын сунушу менен Чүй проспектисинин боюндагы №146 үйдүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Киев көчөсүнөн кире бериштен «Бета Сторес» соода борборунун администрациясы тарабынан орнотулган тосмолор демонтаждалды.

Түшүндүрүү иштеринен кийин Ак-Өргө конушунун Өмүракунов көчөсүн бойлой 4 даана  40 тонналык контейнерден турган тиешелүү документтери жок 2 кабаттуу объект өз ыктыяры менен демонтаждалган.

Учурда 12-кичирайондун Токомбаев көчөсүндөгү уруксаты жок темир тосмолорду демонтаждоо иштери жүрүп жатат.

Урматтуу жарандар! Инспекциянын иши боюнча суроолор боюнча 0312597526 номуруна, ошондой эле социалдык тармактарга кайрылсаңыздар болот:

https://www.facebook.com/SeiMeria/
https://www.instagram.com/s/aGlnaGxpZ2h0OjE3ODQ4ODc4NzQyNzY0NTM1?igshid=YmMyMTA2M2Y=
https://twitter.com/MeriaSei?t=YIG5tk3-HQCuVesYwkOhJA&s=08