“Тазалык” муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү иштерин улантууда.

Жакында Иса Ахунбаев көчөсүнө Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейин жаңы таштанды челектери орнотулат.

Биринчи этапта 40 урна жасалган. Алар 25-августта жогоруда айтылган көчөнү бойлой орнотулат. Келечекте жөнөкөй урналарды акырындык менен заманбап жана ыңгайлууларына алмаштыруу пландалууда.

Идеясы жана долбоору “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине таандык, урналар ишкананын базасында кызматкерлер тарабынан жасалууда

Урматтуу шаардыктар! Ишкананын кызматкерлеринин аракетине аяр мамиле жасап, таштандыларды урналарга салууңуздарды суранабыз.