Биринчи майдын жаш тургундары Мурас-Ордо жаңы конушунда ишембилик өткөрүштү.

Тазалоо иштери жаңы курулуп жаткан мектептин тийиштүү аймагында жана узундугу 2 чакырымдан ашык борбордук көчөдө жүргүзүлдү.

Акыркы күндөрү  бир топ тиричилик таштандылары: желим стакандар, бөтөлкөлөр, баштыктар топтолуп калган.

Күрөк, колкап, тырмоо жана таштанды баштыктары менен куралданган жаштар өздөрүнө бөлүнүп берилген жерлерди тыкандык менен тазалашты.

Бир нече сааттын ичинде жол боюндагы бордюрларды, тротуарларды шыпырып, арыктардагы жана жашыл тилкедеги таштандыларды чогултушту.

Мындай демилгенин максаты аймакты таштандыдан тазалоо гана эмес, жаңы мектептин курулушу үчүн борбордун жетекчилигине ыраазычылык билдирүү, ошондой эле жарандардын экологиялык маданиятын тарбиялоо, коомчулуктун көңүлүн  экологиялык тазалыкка жана жаратылышты урматтоого буруу болуп саналат.

Белгилей кетсек, аталган мектептин алдындагы «Мурас-Ордо» конушунда бардык блоктордун өндүрүштүк иштери, ошондой эле инженердик тармактарды орнотуу иштери аяктады. Учурда  бардык блокторду жасалгалоо, көрктөндүрүү жана фасадды сырткы жасалгалоо иштери бүткөрүлүүдө.

Тосмолор орнотулууда жана тышкы суу  тармактарын кошуу иштери жүргүзүлүүдө.